Министр мугалим менен окуучуларды Билим күнү менен куттуктады

Министр мугалим менен окуучуларды Билим күнү менен куттуктады

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев мугалимдерди жана окуучуларды 1-сентябрь – Билим күнү менен куттуктады.

«Урматтуу мугалимдер, окуучулар жана менин жаш досторум! Сиздерди бүгүнкү Билим күнү менен чын дилимден куттуктайм!

1-сентябрь — бул ар бирибиздин жашообуздагы өзгөчө күн. Айрыкча биринчи жолу мектеп босогосун аттап жаткан бөбөктөргө бүгүндөн баштап билимдин сырдуу дүйнөсү ачылат.

Сиздерге ар бир күнүңүздөр кубаныч жана жаратмандык менен коштолушун каалайм!

Урматтуу окуучулар, силерди кең келечек күтүүдө. Билим алуудагы ар бир күн текке кетпеши керек. Тайманбастык менен билимдин туу чокусун багындыргыла, кыйынчылыктардын алдында тайсалдабагыла, бул татаал жолдо силерге ар дайым мугалимдер шам-чырак болуп берет.

Урматтуу студенттер, студенттик кез – бул жашоонун эң сонун мезгили. Силер канчалык билимдүү болсоңор, аалам силер үчүн ошончолук жарык жана ачык болот! Өз кесибиңердин мыкты адиси болоруңарга ишенем!

Урматтуу кесиптештер, биздин жашообуздагы жетишкендиктердин бардыгы – мугалимдин эмгегинин үзүрү.

Ошондуктан окуу жылыңыздар ийгиликтүү болуп, ар бир сабагыңыздар билим дүйнөсүн тааныткан кызыктуу саякат болсун.

Сиздер – мугалимдер бүл дүйнөгө ынтымактын жана адамгерчиликтин үрөөнүн сепкен мөмөлүү дараксыздар!

Урматтуу ата-энелер! Балдарыңыздардын билим уясындагы кыялдары орундалсын!

Акыркы учурда мугалимдер үчүн президент, өкмөт, парламент тарабынан не деген колдоолор болуп жатат. Биз ошого татыктуу эмгегибиз менен жооп беришибиз керек.

Жаңы окуу жылыңыздар менен! Ийгилик каалайм!», — деп айтылат куттуктоодо.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>