Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Бишкекте эркек кишини бычак менен далыга сайып качып кеткендер кармалды
21.12.2021 | 13:17
Бишкекте бейбаштыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин, 17-декабрда саат 02:40та Бишкек ШИИББинин 102-бөлүмүнө борбор калаанын 7-апрель жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде бир адам бычакталганы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге патрулдук милициянын кызматкерлери барышып, бул аймактагы бир нече жигиттер бычак менен 31 жаштагы Ж.Н.ны далыга сайып, белгисиз тарапка качып кетишкендигин аныкташкан.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Ысык-Көл облусунун ИИБнын кызматкери шектүү катары 24 жаштагы А.У. жана 25 жаштагы Ш.Ы.ны кармаган. Бул окуя тууралуу кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Свердлов РИИБге өткөрүлүп берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар