Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
11 ай ичинде Биринчи Май районунун аймагында 872 митинг болгон
21.12.2021 | 13:46
Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Бишкектин Биринчи Май районунун аймагында 872 митинг болгон. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
«Биринчи Май районунун аймагында жыл башынан бери 1 миң 74 кылмыш жана жорук катталган. Алардын 630у ачыкка чыкты, 444ү ачыкка чыга элек», – деп жазат басма сөз кызматы.
Мындай билдирүү Биринчи май РИИБи облустук акимчиликте өткөн отчеттук жыйында айтылды.
«Белгилей кетсек, Биринчи Май районунда №5, 19 милиция бөлүмдөрү иштеп, 77 милиция кызматкери жана 25 жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор кызмат өтөшүүдө», – деп билдирет мэрия.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом