Бишкекте эртең ак илбирске арналган марафон өтөт

Бишкекте эртең ак илбирске арналган марафон өтөт

Дем алыш күнү, 9-октябрда Бишкек шаарында «Ак илбирсти сактайлы» эл аралык кайрымдуулук марафону өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

“Ак илбирсти сактайлы” марафону бул — кайрымдуулук эл аралык жарым марафондордун бири болуп саналат. Катышуучулардын кирүү акысынан түшкөн каражаттын бир бөлүгү жыл сайын кайрымдуулук максаттарына, мисалы, Глобалдык уюмдун жергиликтүү катчылыгы үчүн 32 камера капкан сатып алууга, Ак илбирсти жана экосистеманы сактоо программасы (GSLEP) жана БТ Ысык-Көлдүн егерлери үчүн «Нива» үлгүсүндөгү унаа сатып алууга жумшалат.

Жарыштын катышуучулары Бишкектин борбордук көчөлөрү менен архитектуралык эстеликтер жана тарыхый имараттарды бойлой чуркайт.

Жарыш 4 дистанцияны камтыйт — 1 чакырым, 5 чакырым, 14 чакырым жана 21,1 чакырым.

Жарыштын катышуучулары Ала-Тоонун аянтынан чыгып, кайра эле ошол жерге келет. Марафонго 5 миң адамдын катышуусу күтүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: марафон

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>