Көчмөндөр оюндарында Кырчын «Көчмөндөр ааламына» айланат

12.08.2026 | 14:15
Көчмөндөр оюндарында Кырчын «Көчмөндөр ааламына» айланат — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын концепциясы тааныштырылды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, иш-чарага маданият министри Мирбек Мамбеталиев, Оюндардын маданий программасынын башкы режиссеру, Кыргызстандын эл артисти Алтынбек Максутов, тарыхчылар, этнографтар, окумуштуулар жана маданият ишмерлери катышты.

Маданий программанын иш-чаралары «Бишкек Аренада», Курманжан Датка атындагы этнографиялык музейде, Чолпон-Атадагы ипподромдо, «Рух Ордо» маданий борборунда, «Дордой Номад» комплексинде жана Кырчын жайлоосунда өтөөрү такталды.

Көчмөндөр оюндарында Кырчын «Көчмөндөр ааламына» айланат — иллюстрация

Негизги аянтчалардын бири Кырчындагы «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасы болмокчу. Анда улуттук музыка, театр жана фольклор, манасчылар менен төкмө акындардын өнөрү, кол өнөрчүлүк, улуттук ашкана, каада-салттар, элдик оюндар жана этномода тартууланат.

«Биз үчүн Кырчын — жөн гана этношаарча эмес. Бул кыргыз элинин тарыхы, рухий дүйнөсү, салттары, улуттук искусствосу жана жашоо философиясы көрсөтүлө турган өзгөчө маданий мейкиндик», — деп белгиледи министр.

Маданий программага Кыргызстандын бардык облустары, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарлары катышат. Ар бир аймак өзүнүн тарыхый жана маданий өзгөчөлүктөрүн тартуулайт. Мындан тышкары, чет өлкөлөрдүн программалары жана чыгармачылык долбоорлору пландаштырылган.

Маданият министрлигинин башчысы тактагандай, Кырчын этношаарчасы 15 боз үй шаарчасына бириктирилген 500гө жакын боз үйдү камтыйт.

Көчмөндөр оюндарында Кырчын «Көчмөндөр ааламына» айланат — контекст события
Мамбеталиевдин айтымында, этношаарчаны даярдоодо мурунку Көчмөндөр оюндарынын тажрыйбасы эске алынып, буга чейинки кемчиликтерди жоюуга аракет кылынган. Атап айтканда, дааратканаларды, канализацияны жана тазалоочу курулмаларды курууга олуттуу мамиле жасалган.

Ал этношаарчанын курулушуна 200 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөнүн, дагы 50 миллионду Маданият министрлиги кошумча багыттаганын кошумчалады.

«Келүүчүлөр үчүн 120 санитардык объект каралган. Мындан тышкары, Кырчындын аймагында чөп катмарын калыбына келтирүү пландалууда. Иштер аяктагандан кийин бул жерге жайлоо шарттарына ыңгайлашкан атайын газон себилет. Айрым тилкелерде чөп себүү иштери башталды», — деди Мамбеталиев.

Борбордук окуялардын бири 2-сентябрдагы программа болот. «Кут Ордо» аянтчасында 5 миңге жакын көрүүчү үчүн орун каралган. Кырчын шаарчасына күн сайын 100 миңге жакын адам келе алары белгиленди.

Scroll to Top