Чет өлкөлүктөргө кыргызстандык карын энелердин кызматын пайдаланууга тыюу салуу сунушталууда

Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга кыргызстандык карын энелердин кызматын пайдаланууга тыюу салуу сунушталды. «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду. Аны Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Ажибаев жана Болот Ибрагимов демилгелеген.
Мыйзам долбоордо өлкө аймагында карын энелик жөнүндө келишим түзүү укугу Кыргызстандын жарандарына гана берүү сунушталат. Чет өлкөлүк жаран менен расмий никеде турган КР жарандары да бул кызматты пайдалана алышат. Ал эми чет элдик жарандарга карын эне кызматын колдонууга тыюу салынат.
Долбоордун негиздеме-маалым катында белгиленгендей, учурдагы мыйзамдарда чет өлкөлүктөргө карата чектөөлөр жок болгондуктан, Кыргызстан «карын эне борборуна» айланып баратат. Бул жагдай аялдардын ден соолугуна, моралдык-психологиялык абалына жана өлкөнүн демографиясына терс таасирин тийгизип жатканы белгиленди.
Мыйзам долбоору төмөнкү максаттарды көздөйт:
- аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо;
- карын эне кызматын коммерциялык максатта пайдалануунун алдын алуу;
- бала сатуу жана ымыркайларды бир жыныстуу жубайларга берүү тобокелдиктерин жоюу.
Ошондой эле документте Казакстан, Орусия жана Индия сыяктуу мамлекеттер буга чейин чет элдиктерге карын эне кызматын пайдаланууга чектөө же тыюу салган мыйзамдарды кабыл алышканы айтылат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда карын энелик кызматы 2005-жылдан бери колдонулуп келет.