Сауд Арабия Кыргызстанга ажылык үчүн 6000 квота бөлдү

Сауд Арабия Кыргызстанга ажылык үчүн 6000 квота бөлдү

Сауд Арабиянын ажылык министрлиги бул жылы Кыргызстанга 6000 квота берди. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиев Сауд Арабия Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары, доктор Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушуп, 2022-жылдагы ажылык сапарын талкуулашып, андагы жетишкендиктерге токтолушту.

Тараптар 2023-жылдагы ажылык ишин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшуп, Сауд Арабиянын ажылык министрлиги Кыргызстанга 6000 квота берилгендигин билдирди. Ажылык министринин орун басары эгерде COVID-19 сыяктуу жугуштуу оорулар чыгып кала турган болсо квота кыскартылып, чектөөлөр кирип калуусу мүмкүн экендигин эскертти.

Жолугушууга муфтий Замир кары Ракиев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Жарандык авиация агенттигинин өкүлү Тимур Аскаров, КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана ажылык-умра бөлүмүнүн адиси Дастан Нукунов катышты.

Алар Сауд Арабиянын ажылык министрлигинин чакыруусу менен 8-январда ыйык Мекке шаарына жөнөп кетишкен.

Эскерте кетсек, 2019-жылдан бери ажылыктын электрондук базасында 4313 жаран кезек күтүп турат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>