Бишкекте кармалган казакстандык эки активист СИЗО-1ге киргизилди

Бишкекте кармалган казакстандык эки активист СИЗО-1ге киргизилди

Эки казакстандык активист Диана Баймагамбетова менен Асхат Жексебаев Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилди. Мындай чечим Октябрь райондук соту тарабынан чыгарылганын өздүк булактар билдиришти.

Кармалгандар КР Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси менен айыпталууда.

Белгилүү болгондой, Дидар Каировго карата эч кандай баш коргоо чарасы тандалган эмес. Айрым маалыматтарга караганда, ал кармалган эмес.

УКМК бул маалыматты тастыктады. Коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, активисттер кыргыз-өзбек чек арасынан өтүүгө аракет кылышкан. Алар «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунан кармалган.

«Казакстандын Ж.А.Е. жана Б.Д.Д. аттуу жарандары кармалды. Экөө тең 23-октябрда «Кордай-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жанындагы өтмөк аркылуу кызматтык өткөрүү пункттарын айланып өтүп, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүшкөнү аныкталган. Негизи Казакстандын жарандарына карата сотко чейинки өндүрүш иштери катталган. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Казакстандын активисти Жанна Бота буга чейин Бишкекте Казакстандын жарандары кармалганын билдирген.

Эске салсак, активисттер 2021-жылдын октябрында Казакстандын Демократиялык тандоосу жана Коше партияларынын (Казакстандын соту тарабынан экстремисттик уюмдар деп аталган, бирок Европарламенттин резолюциясында көрсөтүлгөн) ишмердүүлүгүнө катышкан деген айып менен соттолгон 13 активисттин арасында болгон.

Жактоочунун айтымында, казак активисттери БУУга кайрылып, алар үчүн саясий башпаанек суроого ниеттенүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>