Бишкекте каржы пирамидасын уюштурууга шектүүлөр кармалды

Бишкекте каржы пирамидасын уюштурууга шектүүлөр кармалды

Бишкек шаарында милиция кызматкерлери тарабынан каржы пирамидасын уюштуруу боюнча шектүүлөр кармалды.

ИИМдин маалыматына караганда, милицияга О.А. аттуу жаран «Chargefast” (тез заряд) компаниясынын ээлерине карата чара көрүп берүү арызы менен кайрылган. Алар акчаны эки эсе көбөйтүү шылтоосу менен ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен 400 миң сом акча каражатын ээлеп алышкан. Андан кийин убадасын аткарбай, жүргөн жерин жашырышкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Финансы пирамидаларын уюштуруу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1991-жылы туулган Н.Н. жана 1995-жылы туулган А.С. аттуу шектүүлөр аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге 50дөн ашуун жаран арызы менен кайрылган. Азыркы учурда алардын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>