Бишкекте «Көчмөн сыры» эл аралык форуму өтүүдө — сүрөт

Бишкекте «Көчмөн сыры» эл аралык форуму өтүүдө — сүрөт

Бүгүн, 20-декабарда Кыргыз Улуттук тарых музейинде «Көчмөн сыры» эл аралык кол өнөрчүлөр форуму расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, маданият министри Алтынбек Максутов, Азия-Тынч океан аймагы боюнча кол өнөрчүлөр кеңешинин вице-президенти Азиз Муртазаев, Түрксой уюму, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги, ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы Улуттук комиссиясы, Орто Азия боюнча кол өнөрчүлөрдү колдоо ассоциациясы, Кыргызстандын «Кыял» иш башкармалыгы жана Кол өнөрчүлөр кеңеши катышкан.

Маданият министри Алтынбек Максутов куттуктоо сөзүндө, кыргыздын маданиятын, баалуулугун аздектеген уздарга, усталарга, чеберлерге, зергерлерге ыраазычылыгын билдирип, кыргыз элинин дүйнө таанымына ылайык, ар бир кол өнөрчүнүн өзүнүн орду, символикалык мааниси болорун, азыркы өсүп келе жаткан муун кыргыз элинин тарыхы, маданияты-ата-бабадан калган улуу мурастар жөнүндө билүүсү керектигин белгилеген.

«Бүгүнкү күндө замандын талабына ылайык, кол өнөрчүлүк өркүндөп-өсүп, дүйнөлүк аренага искусствонун бир бөлүгү катары таанылып, улуттук колоритти сактоосу менен өз деңгээлин жогору көрсөтүп келе жатат. Буга бүгүнкү уюштурулуп өтүп жаткан «Көчмөн сыры» форуму далил» — деди ал.

Форумдун алкагында «Кол өнөрчүлөр мекени» программасынын негизинде Кыргызстандын Ысык-Көл менен Нарын облустарына «Ысык-Көл облусу — «Боз үйдүн мекени», «Нарын облусу — «Шырдактын мекени» аттуу макамы тапшырылган. «Кол өнөрчүлүк тарабында чыккан эң мыкты буюму» программасынын негизинде сынактан өткөн 14 чеберге Сапат белгиси тапшырылды.

Кол өнөрчүлөр үчүн сыймыктуу сыйлыктарды Азия-Тынч океан аймагы боюнча кол өнөрчүлөр кеңешинин вице-президенти Азиз Муртазаев тапшырган.

Иш-чара кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү жана концерттик программа менен коштолгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>