Бишкекте көмүр канчадан сатылууда?

Бишкекте көмүр канчадан сатылууда?

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы калкка жана Бишкек ЖЭБине көмүрдү үзгүлтүксүз ташуу иштерин жүрүгүзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкана тарабынан «Ден-Сяопин, 306 б» дареги боюнча жеткиликтүү баада, башкача айтканда 4 миң 700 сомдон көмүр сатуу пункту уюштурулган. Көмүр вагондор менен ташылат, бүгүнкү күндө 800 тонна кара отун бар.

Бюджеттик мекемелер, социалдык объектилер жана калк үчүн жылдын 2-сентябрынан тарта көмүр ташылып, күнүнө 5-6 миң тоннага жакын көмүр же 200-250 унаа жүк келүүдө.

Кошумчалай кетсек, жакын арада оор жүк ташуучу унаалар менен төмөндөгү даректерге 4 миң 700 сомдон көмүр келери күтүлүп жатат.

— Мурманская 126;

— Алыкулов 6 б;

— Алматинская-Обьездная (кесилиште);

— Нижняя Аларча айылы (Курманалиева көчөсү б/н).

Энергетика министрлиги күз-кыш мезгилине көмүрдү өз убагында сатып алууну сунуштайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: ЖЭБ көмүр

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>