Бишкекте коомдук транспорттордо рейд жүрүп жатат
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы боюнча рейддик иш-чара уюштурулганын мэриядан билдиришти.
Калаа башчысы рейд учурунда «материалдык-техникалык жабдыктарды даярдоо. Кышкы дөңгөлөктөрдү, аккумуляторлорду, троллейбустардын, автобустардын жана кичи автобустардын салондорун жылуулоого өзгөчө көңүл бурулсун. Ошондой эле бардык акыркы токтоочу пункттарга материалдык ревизия жүргүзүлсүн»- деген талапты койгон.
Транспорт департаменти тарабынан рейд жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында кичиавтобустук каттамдардын фирмаларынын айдоочуларына карата 14 мыйзам бузуу аныкталып, 7 акт, 3 протокол түзүлдү.
Белгилей кетсек, биринчи кезекте кичиавтобустук каттамдары текшерилди.
Бул багыттагы иштер улантылууда. Рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп, ташуучу-фирмалардын абийирсиз жетекчилерине жана айдоочуларга тартиптик чаралар көрүлөт.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
[image_carousel source=”media: 160934,160935,160936,160937,160938″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]