Бишкекте «Көпөлөк» аттуу профилактикалык иштер уланууда

Бишкекте «Көпөлөк» аттуу профилактикалык иштер уланууда

Бишкекте «Көпөлөк» аталышындагы профилактикалык түшүндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, профилактикалык иштер былтыр 30-ноябрдан бери жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери интимдик кызмат көрсөткөн аялдар иштеши мүмкүн болгон жерлер, алардын ичинде мончолор, мейманканалар, киреге берилген батирлер текшерилүүдө.

«Белгилей кетсек, милиция кызматкерлери тарабынан интимдик кызмат көрсөткөн адамдарды жана сойкуканаларды иштетүүгө тиешеси бар жарандарды аныктоо боюнча иштер улантылып жатат, алар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат», — деп айтылат маалыматта.

Милиция интимдик кызмат көрсөткөн адамдар жана жайлар тууралуу маалыматы бар жарандарды 0(701) 700 251 (Whatsapp), 0(312) 437 375 же «102» номерине кабар берүүсүн суранат. Маалымат берген адамдын аты купуя сакталат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>