Кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кыргыз-казак кызматташтыгы талкууланды

Кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кыргыз-казак кызматташтыгы талкууланды

ИИМде кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү кыргыз-казак кызматташтыгын бекемдөө маселеси талкууланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 24-февраль күнү ИИМдин борбордук аппаратында министр Улан Ниязбеков менен Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаевдин жолугушуусу болуп өткөн. Ага ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов, Казакстанстандын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Нурлан Гильманов жана Казакстанстандын ИИМнин Кыргызстандагы ыйгарым өкүлү катышкан

ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков жолугушуу учурунда келген меймандарга ыраазычылыгын билдирип, бүгүнкү жолугушуу эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн приоритеттүү негиз болорун белгиледи.

«Кыргыз-казак мамилелери көп жылдык биргелешкен тарыхтан, маданияттан жана эң башкысы — элдердин бир туугандыгынан негизделет. Өткөн жыл биздин мамлекеттердин Ички иштер министрликтери үчүн абдан жемиштүү жыл болду деп эсептейм. Чек арага чектеш облустардын жана райондордун ички иштер органдарынын жетекчилеринин кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен ишинин натыйжалуулугун белгилөөгө болот. Бул, албетте, аймактагы коопсуздукту камсыз кылуунун негизги фактору болуп саналат.

Ошондой эле, Казакстандын ИИМнин Кыргызстандагы өкүлү Кайрат Сериковичтин активдүү иши тууралуу билгилеп кетким келет. Ал дайыма байланышта болуп, коомдук коопсуздукка, өз ара кызматташууга байланыштуу орчундуу маселелерди чечип турат» — деди Ниязбеков.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар көптөгөн жылдар бою өлкөлөр ортосундагы келе жаткан достук мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө, кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө өз ишенимдерин билдиришкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>