Бишкекте куткаруучулар сыйланды

Бишкекте куткаруучулар сыйланды

Бүгүн, 30-июнда ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгында 1-июль —Куткаруучулар күнүнө карата салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аземде башкармалыктын, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн, өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн бир катар алдыңкы кызматкерлерине министрликтин төш белгилери, Ардак грамоталары жана кезектеги аскердик наамдары тапшырылды.

Майрам алдында өткөн иш-чарада ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Сталбек Абдылда уулу куткаруучуларга бекем ден-соолук, кажыбас кайрат жана иштерине ийгилик каалоо менен сыйлыктарды тапшырды.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>