Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Чүйдөгү жеке ишкердин өлтүрүлүшү. Шектүү 2 айга камакка алынды
30.06.2023 | 16:46
Чүйдүн Сокулук районунда жеке ишкерди өлтүрүүгө шектелип кармалган 31 жаштагы жаран 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, шектүү №1 тергөө абагында камакта болот.
Милиция учурда тергөө уланып жатканын белгиледи. Ошол эле учурда, тергөөнүн купуялуулугуна таянып башка маалымат берүүдөн баш тартты.
Эскерте кетсек, 10-июнда милицияга Романовка айылында пескоблок чыгарган цехтин аймагында киши колдуу болгон ишкананын ээси, 41 жаштагы У.У. аттуу жарандын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 31 жаштагы Ж.Н. аттуу жаран кармалган.