Бишкекте кыргыз-француз бизнес форуму өтөт

Бишкекте кыргыз-француз бизнес форуму өтөт

Бишкекте кыргыз-француз бизнес форуму уюштурулат. Бул тууралуу 14-мартта Париж шаарында Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияздын «MEDEF International» (Франциянын орто жана чакан ишканалар ассоциациясы) уюмунун башкы директорунун орун басары Жеральдин Лямбль менен жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

ТИМден билдиришкендей, эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана соода жүгүртүүнү жогорулатуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле тараптар ушул жылы Бишкекте кезектеги кыргыз-француз бизнес форумун уюштурууну талкуулашты.

Элчи С.Шер-Нияз 2023-жылына карата Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн 200 миллион еврого чейин өсүшүнүн оң динамикасын белгиледи. Ошондой эле Бишкек шаарында өтүүчү кезектеги бизнес-форумду Франциянын Тышкы соода министринин Кыргызстанга иш сапарынын алкагында өткөрүү сунушталган.

Өз кезегинде, Ж.Лямбль француз ишкерлеринин Борбордук Азия аймагындагы өлкөлөрүндө бизнес жүргүзүү тууралуу кызыгуусу боюнча маалымат берип, жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну белгилеген.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык чөйрөдүгө кызматташтыкты биргелешип активдештирүү, ошондой эле алдыдагы бизнес-форумга мындан аркы даярдык көрүү боюнча макулдашууга жетишилген. Мында франциялык тараптан «MEDEF International» башкы уюштуруучусу катары аныкталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>