Жалал-Абадда бычак жеген жигит каза болду. Шектүү кармалды

Жалал-Абадда бычак жеген жигит каза болду. Шектүү кармалды

Жалал-Абад шаарында адам өлтүрүүгө шектүү делип, 21 жаштагы жишит кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардык милициянын нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, 14-март күнү саат 16:25 чамасында Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында бир баланы башка бир бала учтуу нерсе менен сайып, окуя болгон жерден качып кеткендиги билдирилген. Жаракат алган жаран ооруканага жетпей каза болгон.

Бул окуя каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган.

Жалал-Абад ШИИБдин өздүк курамынын иштөөсүнүн натыйжасында кылмыш ишинин бети изи суутпай ачылган. Кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын тургуну 2003-жылы туулган А.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. А.И. тергөөдө көрсөтмө берип, сөз талашып уруша кеткендиктен бычак менен жабырлануучунун далысынын асты тарабына сайып жибергендигин билдирген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>