Сүрөт «Азаттыктан» алынды
Бишкектин Манас проспектинде, Орусиянын элчигинин имаратынын алдында эки унаа кагышып кетти.
Милициянын кайгуул кызматы, кырсыктаган BMW үлгүсүндөгү машина Кытай элчигине таандык экендигин ырастады.
Окуя болгон жерде элчи Ду Дэвэнь дагы жүрөт.
«BMW жана Hyundai Sonata машиналары кагышкан. Жабыркагандар жок. Кырсыктын жагдайлары териштилип жатат», — дейт Кайгуул кызматы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз