Бишкекте кытайлык электромобилдердин көргөзмөсү өтөт

Бишкекте кытайлык электромобилдердин көргөзмөсү өтөт

Бишкек шаарында 26-27-июль күндөрү Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кытайдан чыгарылган электромобилдердин көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Кыргыз-Кытай соода жана инвестиция палатасы билдирди.

Маалыматка караганда, экспозициянын максаты эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат.

Алтынчы көргөзмөгө Кытайдын Шаньси, Цинхай, Шэньси, Хэнань, Чжэцзян, Тяньцзинь, Дашан, Синьцзян-Уйгур автономиялык району шаарларынан жана провинцияларынан кытай компаниялары катышат.

Көргөзмөгө келгендер электромобилдерди, айыл чарба машиналарын жана жабдууларын, айыл чарба продукцияларын, медициналык буюмдарды, жаңы энергетикалык технологияларды өндүрүүчүлөрдү көрүп, алар менен тааныша алышат. Көргөзмөдө ошондой эле курулуш материалдары, турмуш-тиричилик техникасы жана электр товарлары, эл керектөөчү товарлар, текстиль буюмдары, бут кийимдер, кийим-кечелер жана ачык иш-чаралар үчүн товарлар коюлат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>