Ош шаарындагы тез жардам кызматы автоматташтырылат

Ош шаарындагы тез жардам кызматы автоматташтырылат

Ош шаарындагы тез жардам кызматы автоматташтырылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, министрдин орун басары Бакыт Джангазиев Ош шаарындагы Тез жардам борборунун автоматташтырылган маалымат тутумун пилоттук режимде ишке киргизүүнүн жүрүшү менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө министрдин орун басарына чалууларды каттоо, чакырууга баруучу топту аныктоо, медициналык документтерди электрондук түрдө толтуруу сыяктуу маалыматтык системанын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.

«Ош шаарындагы тез жардам кызматын автоматташтыруу быйылкы жылы ишке ашырып жаткан приоритеттүү долбоорлордун бири. Биз жакынкы келечекте санариптик чечимдерди ишке ашырууда оң натыйжаларды көрө баштайбыз деп күтөбүз – бул биринчи кезекте чалууну иштеп чыгуу убактысынын кыскарышы. Пилоттук долбоордун жыйынтыгы менен биз республикада маалыматтык системаны кеңейтүү боюнча иштерди баштайбыз», — деди орун басар.

Ал Ош шаарындагы Медициналык тез жардам борборунун, Ош шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана клиникалык ооруканасынын жетекчилери, мэриянын өкүлдөрү менен медициналык жардам көрсөтүүдөгү үзгүлтүксүздүк жана маалымат системасынын туруктуулугу үчүн бейтаптар тууралуу маалымат алмашуу маселелерин талкуулады.

Белгилей кетсек, «Санарип MED» санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында бейтаптардын жана медицина кызматкерлеринин ыңгайлуулугу үчүн бардык иштелип чыккан маалыматтык системалар бирдиктүү санариптик схемага интеграцияланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>