Суу аттракционунда кантип сактануу керек? Милициядан кеңеш

Суу аттракционунда кантип сактануу керек? Милициядан кеңеш

Жайкы туристтик мезгил кызып жаткан учурда Ысык-Көлдүн жээгинде эс алуучуларга ар кандай көңүл ачуу оюн-зоокторунун түрлөрү көбөйүүдө.  Эми ошол аттракциондорду кантип колдонуп, өзүбүздү сактай алабыз? Бул багытта облустук милиция төмөндөгүдөй кеңештер менен бөлуштү.

— суу аттракциондорунун кызматтарын колдонуудан мурун, ээлеринен керектүү лицензияларды, сертификаттарды жана уруксат кагазды  талап кылыңыз. Себеби Кыргызстандын ченемдик актыларына ылайык зарыл болгон мамлекеттик органдарда каттоодон өтүүгө тийиш. Ошондо гана сиз аттракциондор техникалык коопсуздук нормаларын сактоо менен камсыз болуп болгонуна ишене аласыз.

— суу аттракциондорунун кызматы кандай кардарларды кайда жана кандай ылдамдыкта ташып жатканын жакшылап карап чыгыңыз. Бул кызматтарды көрсөтүп жаткан жарандарды жакшылап изилдеңиз. Анткени төмөнкү адамдарга гана мотор кайыгын (катер) же башка суу моторлуу каражаттарын айдоого уруксат берилет:

— техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу белгиси коюлган кеме күбөлүгү же тийиштүү күбөлөндүрүлгөн катталгандыгын далилдеген кеме документтеринин комплекти;

— контролдоо талону бар чакан кемени айдоого укук берген кеме айдоочусунун документи (диплом, күбөлүк);

— бортто болгон бардык адамдардын паспорту же күбөлүгү;

— ээси жок болгон учурда, жеке жакка тиешелүү чакан кемени башкарууга укук берүүчү, нотариус күбөлөндүргөн ишеним кат.

— «Банан», «Таблетка» сыяктуу суу аттракциондорунда жүргөндө куткаруучу жилет кийүү зарыл. Кайык сизге келгенче, жилет суунун үстүндө калууга жардам берет. Тереңдиктен корккондорго мындай аттракциондордо түшүү сунушталбайт.

«Учурда орун алып жаткан аба ырайына сөзсүз көӊүл буруӊуз. Жээктеги куткаруучулардын эскертүүсү болсо, анда аны, куру коркунуч деп ойлобошуӊуз керек. Катуу шамал болуп, көлдө чоң толкундар болсо, өз өмүрүӊүздү тобокелге салбаӊыз. Көңүл ачууну кийинкиге калтыруу жакшы», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>