Бишкекте кыздын колун скотч менен ороп, тоноп кеткендер кармалды

Бишкекте кыздын колун скотч менен ороп, тоноп кеткендер кармалды

Бир катар тоноо фактыларына шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

16-январда милицияга кыз арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ошол эле күнү түнкү саат үчтөр чамасында Маяковский көчөсүндөгү конок үйлөрдүн биринде белгисиз жигиттер ага кол салып, андан соң колун скотч менен ороп, учтуу нерсе менен коркутушкан. Анын 16 миң сомун жана баасы 14500 сомдук “Самсунг” уюлдук телефонун алып кетишкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган А.Ж., жана 2003-жылы туулган М.А. кармалган.

Милициядан маалымдашкандай, М.А. мурда ар кандай кылмыштар үчүн соттолгон. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө алардан алынган уюлдук телефон жана скотч, ашкана бычагы алынган. Керектүү экспертизалар дайындалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>