Кыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилдиГутерриш: кийинки пандемия сөзсүз болот, ага азыртан даярдануу керек
Жаныбек Жоробаев акыйкатчынын орун басары болуп шайланды
18.01.2024 | 22:09
Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев акыйкатчынын (Омбудсменинин) жаңы шайланган орун басары Жаныбек Жоробаевди жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарада жаңы орун басарга ийгиликтерди каалаган Алайбек Алымбаев: “Адам укугун, мыйзам талаптарын коргогон мекеме түзүү зарылчылыгы жаралып, 2002-жылы Акыйкатчы институту түптөлгөн. Андыктан акыйкаттык принциптерине таянуу менен мыйзамдарды так сактоо жана аны жетекчиликке алуу Сиздин башкы милдетиңиз болушу керек”, – деди.
Алсак, Жаныбек Жоробековдин талапкерлигин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева сунуштаган. Ага ылайык, бүгүн Жогорку Кеңеште талапкерге добуш берилип, депутаттар тарабынан колдоо тапты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар