Бишкекте мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаков эскерилди

Бишкекте мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаков эскерилди

25-октябрда белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков эскерилди. Бул тууралуу маалымат, маданият жана туризм министрлигинен билдиришти.

Бул даталуу күнгө карата “Ала-Арча” көрүстөнүндө мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жакындары жана бир катар уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен эскерилип, куран окулду.

Эскерүү иш-чарасына маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков катышып, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмердин жалпы кыргызстандыктар үчүн жасап кеткен иштерине токтолуп, жетекчи катары үлгү боло турган сапаттарын белгилеп, жалпы келген катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, Исхак Раззаков 1979-жылы 19-мартта Москва шаарында каза тапкан. Кийинчерээк сөөгү эгемендүүлүк жылдары гана мекенине алынып келинип, «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.

Ал эми Раззаковдун 110 жылдыгына арналган иш- чара А. Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасына илимий- практикалык конференция менен уланып, Исхак Раззаковдун мемориалдык үй- музейине саякат кылуу менен жыйынтыкталды.
[su_image_carousel source=»media: 45633,45634,45632,45635,45631″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>