Бишкектин Манас проспектисинде бузуу иштери уланууда — сүрөт

Бишкектин Манас проспектисинде бузуу иштери уланууда — сүрөт

Бишкек шаарынын Манас проспектисинде бузуу иштери кызуу уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жеринде мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башчысы Уран Мусаевдин жетекчилиги алдында иш жүргүзүлүүдө.

Учурда Токтогул көчөсүнөн Манас проспектисин бойлой бузуу иштери жүрүп жатат.

“Урматтуу жарандар, ишкерлер! Объектилериңизди талапка ылайык алып келүүнү, ошондой эле жерди пайдалануу эрежелерин бузбоону суранабыз”, — деп эскертет мэрия.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>