Саунага алып баруу үчүнбү? Депутат илимий даража алгандарды сындады

Саунага алып баруу үчүнбү? Депутат илимий даража алгандарды сындады

Кыргызстанда илимдин канча кандидаты жана доктору бар? Мындай суроону Жогорку Кеңештин 24-майдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевге берди.

Жыйында “Илим жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып жаткан.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу окумуштуулардын саны 6886 экенин айтты. Анын ичинен 1809у илимдин доктору болсо, 5323ү илимдин кандидаты.

“Илимдин доктору жана кандидаты наамдарын азыр кантип алып жатышканын өзүңөр деле билесиңер. Плагиаттан качуу үчүн орусчадан кыргызчага которуп алышат. Биздин белгилүү окумуштуулар деле өздөрүнүн докторлук же кандидаттык илимдерин көчүрүп алганы боюнча маселе көтөрүлгөн. Эгерде азыр текшерүүгө алсак, биз илимий ачылыштарды жасагандарды эмес, көчүрүп алгандарды көрөбүз. Гуманитардык илимдер фейк илимге айланып бара жатат.

Мына мен диссертациямды жактаганга атайын барган жокмун, анткени ал мага эмне үчүн керек? Кандидатмын деп мактаныш үчүнбү же ачылыш жасабай туруп, илимий даража алуу үчүнбү? Же коргоого келгендердин баарын саунага алып баруу үчүнбү? — деди Бекешев.

Министр Каныбек Иманалиев депутаттын айткандары чындык экенин белгилеп, “биз дүйнөдө докторлордун саны боюнча 50-орунда турабыз, ал эми реалдуу рейтинг боюнча 121-орундабыз”, — деди.

Билим берүү жана илим министрлигинин башчысы бул багытта ведомство үч жол карап жатышаканын айтты.

“Улуттук университетте илим боюнча жаңы концепцияны презентация кылабыз. Президенттин жаңы указы менен илимпоз деген стипендия болот. Ал жаш окумуштууларга жазган макаласы үчүн берилет. Эгерде беш критерийге жооп берсе, биринчи стипендияга 250 миң сом, экинчиге 500 миң сом, үчүнчүгө 1 млн сом берилет”, — деди министр.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>