Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяланды
Бишкекте массалык мушташка катышкандар изделүүдө (видео)
15.05.2023 | 13:53
Бишкекте 15-майга караган түнү болгон массалык мушташка катышкандар изделүүдө. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-майга караган түнү болжол менен саат 01:00до “102” кызматына Абдырахманов менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя жерине дароо милиция кызматкерлери чыккан. Милиция барган учурда окуя жеринде эч ким болгон эмес.
Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.
Милициядан билдиришкендей, учурда мушташка катышкандарды издеп-табуу боюнча иштер жүрүп жатат.
Иликтөө иштери уланууда.
Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга Vefa соода борборунун жанында мушташып жаткан топ балдардын видеосу тараган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз