Бишкекте милиционерлер кесиптешин таш менен уруп, сабап салган

Бишкекте милиционерлер кесиптешин таш менен уруп, сабап салган

Бишкекте милиция кызматкерлери кесиптешин сабап салган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-апрелде ИИМдин ички иликтөө кызматы менен жол милициясы (ЖКККББ) рейд жүргүзгөн. Алар Байтик баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry унаасын текшерүү үчүн токтотушкан. Унаанын ичинде эки милиция кызматкери – С.И. жана Э.К. болгон.

Алар ичимдик ичкен деген күмөн болгондуктан, милиционерлер Наркология борборуна жеткирилген. Бирок аталган борборго келгенден кийин алар текшерүүдөн өтүүдөн баш тартып, каршылык көрсөтүп, жерден таш алып, ИИМдин ички иликтөө кызматынын А.Ж. аттуу кызматкерин урган. Жыйынтыгында башынан жана денесинен жараткан алган кызматкер ооруканага түшкөн.

Бул окуя боюнча прокуратура эки милиционерге «бейбаштык» беренеси менен иш козгогон. Тергөө жүргүзүү үчүн материалдар Бишкектин милициясына өткөрүлдү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>