Декларация тапшырууга үлгүрүңүз. Салык кызматы саат 24.00гө чейин иштейт

Декларация тапшырууга үлгүрүңүз. Салык кызматы саат 24.00гө чейин иштейт

Мамлекеттик салык кызматы 5 күн түн ортосуна чейин дем алышсыз иштейт. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

25-апрелден 30-апрелге чейин  саат 09:00 дөн түнкү саат 00:00 гө чейин декларация кабыл алынат.

Белгилей кетсек, жеке жактар декларацияны онлайн режиминде «салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу же кагаз түрүндө жергиликтүү салык органына барып тапшырса болот. Жеке ишкерлер электрондук түрдө гана бериши керек.

Эскерте кетсек, 1-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

– жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;

– менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;

– юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;

– мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;

– мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;

– эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;

– жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жактар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>