Бишкекте милиция кызматкерин сабагандардын бири кармалды

Бишкекте милиция кызматкерин сабагандардын бири кармалды

Бишкектин Жал кичирайонунда 17-майга караган түнү милиция кызматкери сабалып, буту сынган.

Ленин райондук милициясы билдиргендей, 17-майга караган түнү «102» кызматына Жал кичирайонунда, Тыналиев көчөсүндө мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине милиция кызматкерлери барып, К.М. аттуу жаран сабалганы белгилүү болгон. Ал тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Анын баш мээси чайкалып, буту сынган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүүлөдүн бири — Э.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турбайт. Ал эми сабалган жаран Бишкектеги райондук милициянын кызматкери болуп саналат.

Учурда иликтөө иштери уланып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Милиция окуяга катышы бар башка адамдарды кармоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>