Чүйдө мал уурулукка шектүү кармалды

Чүйдө мал уурулукка шектүү кармалды

Кемин районунда мал уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 18-апрелинде Кемин РИИБге арыз менен Борду айылынын И.Ж. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, 15-апрелге караган түнү белгисз жарандар сарайынан бир баш уюн жана бир баш атын уурдап кеткенин айтып, чара көрүүнү суранган. Аталган окуя Кемин РИИБде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголгон.

Кемин РИИБдин кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин натыйжасында, Чүй районунун дачаларынын биринин жашоочусу,  1987-жылы туулган А.Т. аттуу жаран бул кылмышка шектүү катары кармалып, ЖПКнын 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>