Бишкекте милиция маңзат чегип алган түнкү клубдун ээси менен эс алуучуну кармады

Бишкекте милиция маңзат чегип алган түнкү клубдун ээси менен эс алуучуну кармады

Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринен «мефедрон» психотроптук заты табылып алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, милиция Бишкектеги түнкү клубдардын биринде тинтүү иштерин жүргүзгөн. Анын жүрүшүндө 27 жаштагы Л.В. аттуу жарандан «мефедрон» психотроптук заты табылган. Ошондой эле эмеректердин алдынан кичинекей 2 баштыкка салынган өзгөчө жыты бар зат табылган. Болжол менен ал да «мефедрон» психотроптук заты. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Баңгизат колдонгон деген шек менен түнкү клубга келгендер менен ал жакта иштегендер медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Натыйжада түнкү клубдун 24 жаштагы ээси Н.С. жана 27 жаштагы Л.В. баңгизат колдонгону аныкталган.

Тергөө иштерин жана түшүндүрүү, алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн түнкү клубдун администратору, кызматкерлери, эс алуучулар милицияга жеткирилген.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

27 жаштагы Л.В.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Бишкек ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>