Бишкектеги рейдде 9 баланын ата-энесине протокол түзүлдү
Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан «Өспүрүм-эмгек» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.
Иш-чара 12-14-июль күндөрү өткөрүлгөн.
“Иш-чаранын жүрүшүндө ата-энесине иштегенге жардам берген 72 бала аныкталды. Андан сырткары ата-энесинин коштоосусуз жүргөн 30 бала аныкталып, анын ичинен 21 бала ИИМдин жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна өткөрүлдү, 9 бала ата-энелерине тапшырылды. Ошондой эле, 9 ата-энеге протоколдор түзүлдү”, – деп айтылат маалыматта.
[image_carousel source=”media: 194074,194073,194072,194071″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз