Бишкекте милициянын атын жамынып, акча алган аял кармалды

Бишкекте милициянын атын жамынып, акча алган аял кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 40 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой 11-августта милицияга З.К. аттуу жаран кайрылып, укук коргоо органдарында иштеген «Назира» аттуу кызматкерге чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, ал 4-августта мас абалында унаа айдаганы үчүн кармалып, унаасы айып аянтчасына коюлган. Бул ишти чечип берүү үчүн «Назира» аттуу милиция кызматкери 30 миң сом алып, бирок убадасын аткарбай кача баштаган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кечээ, 16-августта болжол менен саат 15:50дө Тыналиев менен Түштүк Магистраль көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндөрдүн биринде мурда алынган акчанын 16 миң сомун кайтарып жаткан учурда  Н. С. кармалган.

Белгилүү болгондой кармалган жаран мурда-кийин милиция кызматкери болуп иштеген эмес. Учурда тергөө иштери уланууда.

Кармалган жаран башка алдамчылык иштерине шектелип жаткандыктан, милиция алданып калган жарандарды 0500 892 344 номерине кайрылуусун суранат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>