Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салуу 1-декабрга чейин узартылды

Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салуу 1-декабрга чейин узартылды

Биринчи май райондук соту Бишкектин борбордук бөлүгүндө митинг-акцияларды өткөрүүгө тыюу салуунун мөөнөтүн 1-декабрга чейин узартты. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти.

Маалым болгондой сот Бишкек мэриясынын «Ала-Тоо» аянтында, Россиянын элчилинин, Жогорку Кеңештин, президенттин администрациясынын (өкмөт үйү), УКМКнын имаратынын алдында митинг-акцияларды өткөрүүгө 1-декабрга чейин узартуу чечимин колдогон.

Митингдерди Максим Горький атындагы бакта өткөрүүгө болот.

Эскерте кетсек, жыл баштарында Бишкекте өлкө ичиндеги жана чет жактагы окуяларга байланыштуу бир катар митинг болуп өткөн. Анын ичинде Россия Украинага кол салып киргенден кийин Украина жана Россияны колдогон акциялар уюштурулган. Аларга байланыштуу Бишкекте митингдерди 1-сентбярга чейин Горький атындагы бакта гана өткөрүүгө уруксат берилген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>