Сыймык Жапыкеев кармалганын жана «Кыргызтестке» жетишпей калганын билдирдиДастан Бекешев: ЖИ Конституциянын орусча котормосунан 44 ката таптыӨлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталды
Видео: Депутаттар орус тилиндеги баяндаманы угуудан баш тартышты
05.09.2022 | 14:36
Бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында депутаттар расмий (орус) тилинде баяндама угуудан баш тартты.
Комитетте Салыктык эмес кирешелер тууралуу кодекске өзгөртүүлөр боюнча баяндама угулмак. Мыйзам долбоорунун демилгечилери баяндаманы орус тилинде даярдап келген.
Жыйында айрым депутаттар мындан мурда баяндамаларды кыргыз тилинде жасоо тууралуу чечим кабыл алынганын эскертип, аларды көрүп жаткан адамдардын басымдуу бөлүгү кыргыз тилинде сүйлөгөн жарандар экенин белгилешти.
Баяндаманы орус тилинде деле угалы деген депутаттар болгону менен башка эл өкүлдөрү баяндама жасоого башка киши келгенин айтышып, баяндаманы угуудан баш тартышты.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом