Ошто документтерди жасап саткан чет элдик жаран колго түштү

Ошто документтерди жасап саткан чет элдик жаран колго түштү

Кыргызстанда жасалма документтерди жасап саткан деген шек менен чет элдик жаран кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 379-берененин 1-бөлүмү (Документтерди жасалмалоо) боюнча кылмыштын негизинде 2022-жылдын 11-майында козголгон кылмыш иштин алкагында, Ош шаарындагы Жогорку окуу жайларда окуган студенттерге – Өзбекстандын жарандарына Кыргызстандын жасалма студенттик электрондук визаларын жана каттоо талондорун системалуу түрдө жасап, сатып жүргөн Өзбекстандын жараны А.Ш.Р.дын кылмыштуу ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Ушул жылдын 12-майында Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ошол эле учурда Ош шаардык соту айыпталуучуга карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын карады.

Учурда бардык керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>