Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылат

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылат

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жаңы реабилитациялык борбор ачылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, алар экс-президент Курманбек Бакиевдин Жибек Жолу проспектиси, 519 жана 521 даректеринде жайгашкан үйлөрүн ведомствого өткөрүп берүүнү пландап жатышат.

Министр Кудайберген Базарбаев белгилегендей, аталган жайларды алгандан кийин ведомство мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн акысыз реабилитациялык борбор ачуу иштерин баштайт.

«Өзгөчө баласы бар ар бир үй-бүлө жеке кызматтар үчүн төлөй албастыгын баарыбыз билебиз. Эми мамлекет заманбап борбордо сапаттуу кызматтарды бекер көрсөтөт. Борбор бир эле учурда 100гө чейин баланы кабыл ала алат», — деди ал.

Башкармалыктын башчысы «өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча болуп көрбөгөндөй кадамдар жасалып жатканын» кошумчалады.

«Президенттин жарлыгы менен көптөн бери биринчи жолу чоңдор жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жөлөк пулдар, ошондой эле жеке жардамчыларга – өзгөчө балдарына дайыма кам көргөн ата-энелерге төлөмдөр көбөйтүлдү. 1-июндан баштап балдар гана эмес, 18 жаштан жогорку I топтогу майыптар да персоналдык жардамчы кызматын ала алышы абдан маанилүү”, — деди ал.

Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 32 миң мүмкүнчүлүгү чектелген бала жашайт. Республика боюнча заманбап реабилитациялык борборлорду ачуу иштин приоритеттүү багыттарынын бири экенин министрлик билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>