Шайлоодо С.Жапаров С.Жээнбековдон 1 млн доллар алган, — Аспеков

Шайлоодо С.Жапаров С.Жээнбековдон 1 млн доллар алган, — Аспеков

Президенттик шайлоо учурунда Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдон 1 млн доллар алган. Бул тууралуу камактагы активист Мелис Аспеков сот отурумунда билдиргенин жактоочу Нурбек Токтакунов маалымдады.

Токтакуновдун айтымында, кечээ Мелис Аспеков аны Бишкек шаардык сотунда болгон соттук отурумуна чакырган.

“Сот кеңешүүчү бөлмөгө чыгып кеткенден кийин Аспеков билдирүү жасап, анда президенттик шайлоо учурунда ал 2021-жылдын январь айында Чүй облусунун координатору катары райондук штабдын координаторлоруна Садыр Жапаровдун атынан 1 млн доллар берген. С.Жапаров 1 млн долларды Сооронбай Жээнбековдон алганын айткан.

Аспековдун маалыматы боюнча С.Жапаров шайлоо маалында Чүй облусу боюнча 62 млн сом короткон. Бул боюнча ал укук коргоо органдарына кайрылган. Бирок иш жабылып калган. Ал тил каттарды интернетке жарыялаган бирок, анын аккаунту талкаланып, алар өчүрүлгөн. Анын пикиринде, бул тил каттар аркылуу президентке импичмент жарыялоого болот”,  — деп жазат Токтакунов.

Мелис Аспеков 2020-жылдын Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген президент Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын январында ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган. Алгач ага карата “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында «Алдамчылык» беренеси да кошулган.

Биринчи май райондук соту Аспековду өткөн айда жети жылга абакка кесип, жабырлануучулардын пайдасына 23 млн. 429 миң сом чыгымды өндүрүп берүүгө милдеттендирген.

Бардык маалыматтар Телеграм каналыбызда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>