Кыргызстандагы Орусия мекендештеринин кеңеши көрүстөндөрдөгү вандализмди токтотууну талап кылууда

Кыргызстандагы Орусия мекендештеринин координациялык кеңеши Бишкек шаарындагы «Новопавловка» муниципалдык аймактык башкармалыгындагы (МАБ) православ көрүстөнүндө мүрзөлөрдүн мазакталышына байланыштуу кайрылуу жасады.
Кайрылууда мындай окуялар республиканын православ көрүстөндөрүндө биринчи жолу катталбаганы баса белгиленет.
«Мындай аракеттер улуттар аралык кастыкты козутуп, президент Садыр Жапаровдун Кыргызстандагы улуттар жана конфессиялар аралык тынчтыкты бекемдөөгө багытталган саясатына карама-каршы келет», – деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле кеңеш сөөк коюлган жерди жок кылуу, зыянга учуратуу же мазактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинде жоопкерчилик каралганын эскертти.
Мыйзам нормасына ылайык, маркумдун сөөгүн кордоо, сөөк коюлган жерди же мүрзөдөгү эстеликти бузуу, зыянга учуратуу же мазактоо, ошондой эле мүрзөнүн ичиндеги же үстүндөгү буюмдарды уурдоо – айып пул салууга, эркиндигин чектөөгө же коомдук жумуштарга тартууга алып келет.
Бул жорук үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги 16 жаштан тартып башталары белгиленген.
Билдирүүдө жабырлануучулар мүлктүк жана моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн сотко кайрылууга укуктуу экени көрсөтүлгөн. Эгерде күнөөлүү адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуу курагына жете элек болсо, зыянды төлөп берүү милдети анын ата-энесине же мыйзамдуу өкүлдөрүнө жүктөлүшү мүмкүн.
«Урматтуу «Новопавловка» МАБынын тургундары жана жакындарынын мүрзөсү ушундай жапайычылык менен мазакталып, жапа чеккен бардык жарандар! Сиздер келтирилген моралдык жана мүлктүк зыян үчүн компенсация өндүрүп берүүнү талап кылып, сот органдарына кайрылууга укуктуусуздар. Маркум туугандарыңыздардын мүрзөсүнүн талкаланышынан улам келтирилген мүлктүк жана моралдык зыянды өндүрүү боюнча соттук ишти алып барууда жана консультациялык-юридикалык жардамды Бишкектеги РФ мекендештерине маалыматтык-укуктук жана юридикалык колдоо көрсөтүүчү «Наше право» («Биздин укук») укуктук борбору акысыз көрсөтө алат», – деп айтылат кайрылууда.
Байланыш телефондору: +996 777 938 888, +996 312 910 125. (Саат 09:00дөн 18:00гө чейин. Дем алыш күндөрү: ишемби жана жекшемби).