Бишкекте Нооруз майрамы белгиленди — фоторепортаж

Бишкекте Нооруз майрамы белгиленди — фоторепортаж

Бүгүн, 21-мартта Кыргызстанда Нооруз майрамы белгиленди. Бул күнү өлкө боюнча, анын ичинде борбор калаада майрамдык иш-чаралар уюштурулду.

Бишкекте салтанатту иш-чара борбордук «Ала-Тоо» аянтында өттү. Ага президент Садыр Жапаров, калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров, коомдук жана саясий ишмерлер, шаар тургундары катышты.

Иш-чара жаратылыштын ойгонушу, жаздын келиши жана жаңы жашоонун башталышы тууралуу театралдаштырылган пролог менен башталды.

Андан кийин президент куттуктоо сөз сүйлөп, Нооруз эзелтен бери достуктун, биримдиктин майрамы катары белгиленип келгенин айтты.

Жапаров улустун улуу күнүндө жалпы кыргызстандыктарга жакшы каалоо-тилектерин айтты.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен бирге баш калаанын борбордук аянтына орнотулган чакан боз үй шаарчасын кыдырып, республиканын жети дубанынан келген ата мекендик кол өнөрчүлөрдүн эмгектери менен таанышып, майрамдык сүмөлөктөн ооз тийди.

Иш-чара концерттик программа менен уланды.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>