Бишкекте оңдолгон 4 көчө ачылды

Бишкекте оңдолгон 4 көчө ачылды

Бишкек шаарында оңдоп-түзөө иштеринен кийин 4 көчө ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, имур Фрунзе, Ашар, Интергельпо жана Манас көчөлөрү Кытай бөлгөн гранттын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жасалган. Тимур Фрунзе көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин узундугу 846 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 8 метр оңдолуп, жолдун эки тарабына туурасы 2,25 метр тротуарлар төшөлүп, ирригация курулду.

Ашар көчөсү Өмүр көчөсүнөн Лущихин көчөсүнө чейин узундугу 2,229 км болгон тилкеде жол иштери жүргүзүлдү. Бул жерде жолдун жүрүүчү бөлүгүн 9 метрге чейин кеңейтүү, тротуарларды жана ирригациялык системаларды иретке келтирүү, жол белгилерин түшүрүү жана жол белгилерин орнотуу менен толук реконструкция жүргүзүлдү.

Интергельпо көчөсү боюнча Кеңсуу көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейин узундугу 594 метр болгон тилкеде жол иштери жүргүзүлдү. Жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 9 метрди түзүп, 2 тилкелүү болду, ошондой эле тротуар, жүрүүчү бөлүктүн эки тарабына ирригация каралган.

Манас көчөсү Ташкент көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейин реконструкцияланып, узундугу 856 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 8 метрди түзөт. Ошондой эле жол 2 тилкелүү болуп, тротуарлары 1,5 метрди түзүп, сугат арыктары салынган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: көчө

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>