Бишкекте пенсионер аял уулун бычактап өлтүрдү. Ал апасын сойку деген

Бишкекте пенсионер аял уулун бычактап өлтүрдү. Ал апасын сойку деген

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 61 жаштагы Татьянанын кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Татьяна ушул жылдын 25-январында саат 18:00 чамасында Бишкек шаарындагы үйүндө, 40 жаштагы уулу Владимир менен (3-топтогу майып болгон) спирт ичимдиктерин ичип олтурган эне-баланын ортосунда чыр чыгып, маркум айыпталуучуну бетке уруп, орой сөздөрдү айткан, ал уулунун жаман мамилесине чыдай албай анын көкүрөгүнө бычак сайган. Владимир ошол жерде көз жумган.

Аялдын айтымында, ошол күнү баласы уйкудан туруп арак сатып берүүнү талап кылып, чатак чыгарган жана бетине чапкан. Ошондой эле уят сөздөрдү айтып, сойку деп атап, аны үйдөн кууп чыккысы келген. Ал аны тынч болууга чакырып, сыналгы көрүүгө тоскоол болбошун суранган, бирок уулу ага маани бербегенде ачуу үстүндө дасторкондон ашкана бычагын алып, Владимирдин көкүрөгүнө сайып жиберген.

Натыйжада, сот Татьянаны күнөөлүү деп таап, сегиз жылдык мөөнөткө эркинен ажыратып, мамлекетке 100 миң сом айып пул төлөөгө өкүм чыгарган.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>