Жоокерди өлтүрө чапкан сержант камакка алынды

Жоокерди өлтүрө чапкан сержант камакка алынды

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын сержанты кызматын өтөп жаткан жоокердин өлүмүнө шектелип, камакка алынды. Бул тууралуу Жогорку соттун токтомунда айтылат.

2019-жылдын 5-ноябрында болжол менен саат 21:30да Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кенже сержанты Жолдубай (аты өзгөртүлдү) 6-окуу батальонунун окуу бөлмөсүндө жоокер Каныбекти (аты өзгөртүлдү) төшүнө сол муштуму менен уруп жиберген. Каныбек алган жаракатынан улам ошол жерден көз жумган.

Сот отурумунда айыпталуучу Жолдубай жабырлануучу Каныбектин ден соолугуна атайын оор зыян келтирүүгө аракети аныкталган эмес.

Айыпталуучунун жазасын женилдеткен жагдай катары сот маркумдун жакындары менен элдешкенин, жарашуу жөнүндө макулдашуу түзүшкөнүн жана Жолдубайдын кылмыш жоопкерчилигине биринчи жолу тартылып жатканын эске алып, аны күнөөлү деп табып 4 жылга камакка алган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>