Бишкекте өлкө жетекчилигинин аброюну шек келтирип, богооздонгон адам кармалды

Бишкекте өлкө жетекчилигинин аброюну шек келтирип, богооздонгон адам кармалды

Бишкекте президент жана УКМКнын башчысынын аброюна шек келтирип, богооздонгон жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин соцтармактарга белгисиз жарандын Өкмөт үйүнүн алдында президент жана УКМКнын башчысына кайрылуу жасап, алардын аброюна шек келтирип, богооздонгону тартылган видео тараган.

Аталган факт милицияда каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Милиция кызматкерлери 25-сентябрда шектүү катары 42 жаштагы О.Ж. аттуу жаранды кармап, ал тергөө кызматына жеткирилген. Ага карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, ал 24 саатка убактылуу камакка алынган. Ошондой эле анын иш-аракетине юридикалык баа берүү үчүн Биринчи май райондук сотуна жеткирилери кабарланды.

Милиция коомдук жайда сөгүнүп, башка адамдын аброюну шек келтиргендерге мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганын эскертет.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>