Бишкекте президенттик балаты болду

Бишкекте президенттик балаты болду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда, балдар үчүн уюштурулган жаңы жылдык балатыга катышты. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылды. Анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрү, Ооганстандын Кичи жана Улуу Памириндеги этникалык кыргыздардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчылары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар ж. б.

Балдарга бий топторунун тарбиялануучулары тарабынан даярдалган «Бакыт аралы» жаңы жылдык оюн-зоогу көрсөтүлдү.

Жаңы жылдык спектакльден соң Президент Садыр Жапаров балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, аларга ден соолук жана окууларына ийгиликтерди каалады.

Иш-чара аяктагандан кийин өлкө башчысынын атынан балдарга белектер тапшырылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>