УКМКнын унаасы бутун тебелеп кеткен аял Калмаматовдун бир тууган эжеси

УКМКнын унаасы бутун тебелеп кеткен аял Калмаматовдун бир тууган эжеси

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин унаасы бутун тебелеп кеткен аял Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовдун бир тууган эжеси. Бул маалыматты Reporter.kg’ге “Азаттык” партиясынын өкүлү Мырза-Айым Камчыбекова тастыктады.

Анын айтымында, жабырлануучунун аты Сюзанна, ал 33 жашта, азыр 4-шаардык ооруканада.

«Ал агасы менен коштошкусу келди, бирок ага жол беришкен жок, бутун дагы сындырышты. Милицияны 2,5 саат күттүк, анан кете бердик. Унаанын жанында милиция кызматкерлери бар болчу, алар эч кандай реакция кылбай карап тура беришти. Алардын саны 30дай болчу, эч кимиси келип, биринчи жардам көрсөтүшкөн жок», — деди ал.

Камчыбекова сотто милиция тарабынан провокация болуп, Калмаматовдун өзүн арткы эшиктен алып чыкканын белгиледи.

Эске салсак, Калмаматов Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан эки айга СИЗОго камалды.

Саясатчынын тарапташтары соттун чечимин угуп, Калмаматовду соттон алып чыккан унаа анын тарапташынын бутун тебелеп кетти деген видеону блогер Адилет Балтабай жарыялаган.

Калмаматовду сот залынан алып чыккан унаа аялдын бутун тебелеп кетти — видео

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>