Бишкекте прокуратура кызматкерлери сыйланды. Фамилиялары  

Бишкекте прокуратура кызматкерлери сыйланды. Фамилиялары  

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаанын прокуратура  кызматкерлерин кесиптик майрамы жана Кыргызстандын прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 99 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Куттуктоосунда мэр Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу системасында прокуратуранын маанилүүлүгүн  белгиледи.

Айбек Джунушалиев прокуратура кызматкерлерине кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, аларга  бакубатчылык жана чын ден соолук каалады.

Прокуратура органдарынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн сыйланышты.

Алар:

— Мелсбек кызы Асылай – Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык каты менен сыйланды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйлангандар:

— Абдыкадыров Акыл Тилебердиевич;
— Джуманазаров Гапар Кутушбекович;
— Рыскулов Рустам Акбарович;
— Мурзалиев Жолдошбек Абдибахапович;
— Исланова Адилета Маратбекович;
— Маданбекова Лира Орумбековна.

Бишкек шаарынын мэриясынын кол сааттары төмөндөгүлөргө берилди:

— Шаршеев Улан Онолбекович;
— Укуева Венера Борисовна;
— Джаманкеев Абдрашид Абдыбекович.

— Мамыров Алайбек Омурзакович  Бишкек шаарынын мэриясынын алтын төш белгиси менен сыйланды.

Белгилей кетсек, 1924-жылдын 22-ноябрында РСФСРдин Кара-Кыргыз Автоном облусунун Революциялык комитетинин Президиумунун токтому менен областтын юстиция Элдик комиссариатынын системасында 15 адамдан турган биринчи кыргыз көзөмөл органы — элдик прокуратура түзүлгөн.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>