Садыр Жапаров Беларуска барды  

Садыр Жапаров Беларуска барды  

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-ноябрда, иш сапары менен Минск (Беларусь Республикасы) шаарына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын борту Минск Улуттук аэропортуна конду. Аэропорттун флагштокторуна ЖККУга кирген мамлекеттердин желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.

Садыр Жапаровду Беларустун премьер–министринин орун басары Анатолий Сивак тосуп алды.

Эскерте кетсек, иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>